• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акын Болот Назаров бирөөнүн жылкысын тартып алууга шектелип, кармалды

9 Жетинин айы 2022 12:23 Бишкек Govori.TV

Москва районунда бирөөнүн жылкысын тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-ноябрь күнү Москва РИИБке Беловодское айылынын тургуну 1968-жылы туулган М.И. арыз менен кайрылган.

«Арызында 7-ноябрь күнү түштөн кийинки убакытта Москва районунун Чон-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши жаш өспүрүм баласы 2008-жылы туулган М.Ю. минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. Аталган факт Москва РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.

9-ноябрь күнү Москва РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран экендиги такталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган», — деп айтылыт билдирүүдө.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Басма сөз кызматы шектүүнүн сүрөтүн да тараткан. Анда акын Болот Назаров экенин көрүүгө болот. Ал буга чейин журналист Болот Темировдун иши боюнча кармалган болчу.

Количество просмотров: 2887