• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун сөөгү жерге берилди

1 Бугу 202011:55 Бишкек Govori.TV

Белгилүү акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы, бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналист 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты.

Ажыматов журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. «Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан.

2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.

Артында эки уул, эки кызы калды.

Количество просмотров: 213