• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акын Зайырбек Ажыматовдун күмбөзүнө эстелик орнотулду

29 Чын куран 202213:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-апрелде Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду.

Маркумду эскерүүгө бийлик жана коомчулук өкүлдөрү, жакындары катышты.

Эске салсак, Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде каза болгон. Ал «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору.

Количество просмотров: 139