• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Телефондо номериңиз бар, бирок өзүңүз жок, атасыз бир жыл». Акын Зайырбек Ажыматовду уулу эскерет

29 Чын куран 2021 11:17 Бишкек Govori.TV

Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына бүгүн, 29-апрелде туура бир жыл толду. Акындын уулу Назым Самаган атасын эскерип, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына эскерүү жазды.

«Атам бар кезде эч нерседен коркчу эмес элем, азыр бардык нерседен корккон, атасыз бир жыл. Карлыгач менен сырдашчу атасы жок , атасыз бир жыл. Айназикти аячу атасы жок, атасыз бир жыл. Мелис менен сүйлөшчү атасы жок, атасыз бир жыл. Телефондо номериңиз бар, бирок өзүңүз жок, атасыз бир жыл. Күндө кечинде телефондон “Балам курсак токпу?” деп сурап турар киши жок, атасыз бир жыл. Жашым жыйырмадан ашса да, жумушумдан дардалаңдап тосуп алчу киши жок, атасыз бир жыл. Ар бир жеңишиме сүйүнүп, сыймыктанчу киши жок, атасыз бир жыл. “Алыс жерде жүрөсүң” деп алыстан колдогонго киши жок, атасыз бир жыл. Жеңилсем да кубат, эрк, тирек болчу киши жок, атасыз бир жыл. Адашсам да туура жолду көрсөтчү адам жок, атасыз бир жыл. Жамандардан аяп, коргогонго киши жок, атасыз бир жыл. Баягы тоодон да бийик көрүнгөн атабыз жок, атасыз бир жыл! Төртөөбүздө атамдын төрт сапаты калгандай элестетем. Кудайдын буйругу болгондон кийин баарыбыз баш ийет экенбиз. Атамдын чын дүйнөгө көчкөнүнө толук бир жылдын жүзү болду. Зайырбек Ажыматовдун уулу болгондугума сыймыктанам!!!», — деп жазган ал.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) жана «Жүрөктөгү бороон» (2019-жыл) ыр жыйнактарынын автору. Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, «Жаңы Агым» гезитинде иштеген.

Количество просмотров: 2692