Акын Зайырбек Ажыматов дүйнө салды. Маалыматты жакындары тастыктаганын Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштаган. Андан кийин «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта «Азаттык» радиосунда иштеп жаткан.
Зайырбек Ажыматовдун артында 4 баласы калды. Govori.TV мультимедиалык агенттиги Зайырбек Ажыматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт.