Кыргызстандын бардык мектептеринде быйыл “Акыркы коңгуроо” майрамы коронавируска байланыштуу онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн “Акыркы коңгуроо” мектепте кадимки тартипте өтөрү тууралуу чечим жокко чыккан.
«Талкуулагандан кийин онлайн өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды, себеби Бишкек азыр “кызыл зонада”. Азыр көп адам катышкан иш-чараларга тыюу салынды, андыктан, онлайн гана форматта болот. Азыр республиканын бардык аймактары даярданып жатышат. Ар бир облус өзүнүн куттуктоосун видео түрүндө даярдайт, ал мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
Окуу жылынын аякташын белгилеген «Акыркы коңгуроо» майрамы 25-майда өтөт. Аралыктан өткөрүү тууралуу талап мамлекеттик да, менчик да окуу жайларына тийиштүү экени айтылды. Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек.