Бүгүн, 6-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 233 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында — 789 адам;
— Чүй облусунда — 139 адам;
— Баткен облусунда — 89 адам;
— Жалал-Абад облусунда — 83 адам;
— Ош шаарында — 44 адам;
— Ысык-Көл облусунда — 35 адам;
— Ош облусунда — 32 адам;
— Нарын облусунда — 13 адам;
— Талас облусунда — 9 адам.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 133 303 адамга коронавирус жуккан.