Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 6, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1өрт катталган.
Бишкектин Дордой-1 конушунда турак үйдүн 3-кабатында жалпы аянты 50 чарчы метр 2 уктоочу бөлмө үй эмеректери менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылында эки кабаттуу жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 30 чарчы метр чатыры жана 200 түк чөп күйгөн.