• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акыркы суткада 17 адамдан коронавирус табылып, 1 бейтап каза болду

29 Жалган куран 2022 9:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 29-мартка карата коронавирус 17 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 11, Чүй облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 12 адам илдеттен сакайып чыгып, бир адам каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 98 бейтап, амбулатордук түрдө 49 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 909 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 193 киши айыгып чыкса, 2 миң 986 адам каза болду.

Количество просмотров: 86