Акыркы суткада Кыргызстанда 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 19 бөлүм тартылган.
Өрт кырсыктары чыккан облус-шаарлар:
— Бишкек шаарында – 4;
— Чүй облусунда – 4;
— Талас облусунда – 1;
— Ош облусунда – 4;
— Жалал-Абад облусунда – 2;
— Ысык-Көл облусунда – 2.