Кыргызстанда акыркы суткада 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган.
Өрт катталган аймактар:
— Чүй облусунда – 7
— Бишкек шаары – 5
— Жалал-Абад облусу – 2;
— Ысык-Көл облусунда – 1;
— Ош шаары – 1;
— Нарын облусунда – 1;
— Талас облусунда – 1.