• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды

17 Баш оона 2023 10:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 6, Нарын облусунда 2, Баткен 2, Ош шаары 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган.

Алсак, Баткен шаарында М.Салихов көчөсүндө жайгашкан Биримдик базарында пахта иштетүүчү кичи цехтин 24 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ак-Талаа районунун Баетов айылында мончонун ичинде дубалында 16 чарчы метр капталган жыгач решеткалары жана пластик материалдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Алай районунун Жар-Кыштак айылында жолдо турган «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү жеңил автоунаасынын кыймылдаткычы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 51