• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Акыркы суткада 23 өрт кырсыгы катталды

6 Аяк оона 2022 9:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 2, Ош шаарында 3, Жалал-Абад облусунда 4, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган.

Алсак, Ноокен районунун Арал айылынын Орто-Сай тилкесинде бакчада аянты 20 сотык куураган чөп жана 64 түп дарак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Түп районунун Шаты айылында Нургазиев көчөсүндө бастырма жана болжол менен 1700 түк чөп күйгөн. Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ысык-Ата районунда Милянфан айылында жыгач устундуу тунике менен жабылган азык-түлүк сатуучу дүкөнүндүн 200 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 69