• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Акыркы суткада 4 өрт кырсыгы катталды

11 Чын куран 202310:18 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө сутка ичинде 4 өрт кырсыгы катталды. ӨКМден билдиришкендей, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Токмок шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган убактылуу жашоочу жайдын 40 чарчы метр чатыры күйгөн.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында турак үйдүн болжол менен 10 чарчы метр мору күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Количество просмотров: 69