Бүгүн, 9-ноябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 54 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
Бишкек шаарында – 25,
Ысык-Көл облусунда – 13,
Жалал-Абад облусунда – 7,
Талас облусунда – 4,
Баткен облусунда – 2,
Нарын облусунда – 1,
Чүй облусунда – 1,
Ош облусунда – 1.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 181936 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 2 бейтап көз жумду.