• Дүйшөмбү 25 Тогуздун айы 2021

Акыркы суткада 66 адамдан жаңы табылып, 2 бейтап каза болду

9 октября 2021 в 10:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 9-октябрга карата коронавирус дагы 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 39, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда – 2, Талас облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 80 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 446 бейтап, амбулатордук түрдө 680 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 186 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 953 киши айыгып чыкса, 2 миң 618 адам каза болду.

Количество просмотров: 66