Кыргызстанда акыркы суткада 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бишкек шаарында – 2, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 өрт катталган.
Атап айтсак, Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Чек айылында турак үйдүн 1 бөлмөсүнүн 12 чарчы метр шыбы, үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.