• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды

8 Жетинин айы 2022 10:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын У.Салиев көчөсүндөгү батирлердин биринде ашканада муздаткыч жана электр плитасы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Аламүдүн айылында Горький көчөсүндөгү мончонун аянты 60 чарчы метр жана бастырманын 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз.

Ошондой эле ушул эле айылдын Панфилов көчөсүндөгү 200 чарчы метр турак жайдын чатыры, муздаткыч, кир жуугуч машина жана газ плитасы өрттөнгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 57