• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акыркы суткада 94 адамдан COVID-19 табылып, үч бейтап каза болду

16 Тогуздун айы 2021 9:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 16-октябрга карата коронавирус дагы 94 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 44, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда – 31, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 77 адам илдеттен сакайып чыгып, үч бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 503 бейтап, амбулатордук түрдө 559 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 775 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 578 киши айыгып чыкса, 2 миң 632 адам каза болду.

Количество просмотров: 149