• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акыркы суткада Бишкек шаарында 3 унаа өрттөндү

22 Үчтүн айы 2021 10:49 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада Бишкек шаарында 3 унаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда Ахунбаев менен Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги гаражда «Ауди» үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткычы жана салону күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Улан кичи районунда «Хундай HD45» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын салону күйгөн. Өрт электр жабдыктарын куроо учурунда коопсуздук эрежелеринин сакталбаганынан келип чыккан.

Андан тышкары Тыналиев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус RX300» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 68