• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Акыркы суткада COVID-19 11 адамдан жаңы аныкталып, каза болгон учур катталган жок

14 Жалган куран 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 14-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы учурлардын баары Бишкек шаарынын тургундарынан табылган.

Ал эми акыркы суткада 23 адам илдеттен сакайып чыкса, каза болгон учурлар катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 133 бейтап, амбулатордук түрдө 184 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 742 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 873 киши айыгып чыкса, 2 миң 973 адам каза болду.

Количество просмотров: 64