Акыркы суткада COVID-19дан сакайган 212 адам ооруканалардан чыкты
Акыркы суткада COVID-19дан сакайган 212 адам ооруканалардан чыкты
3 Үчтүн айы 202111:25 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 3-январга караган суткада өлкө аймагында COVID-19 илдетинен сакайган 212 адам ооруканалардан чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаарында 74;
Ош шаарында 13;
Чүй облусунда 55;
Ош облусунда 2;
Талас облусунда 10;
Нарын облусунда 7;
Ысык-Көл облусунда 25;
Жалал-Абад облусунда 21;
Баткен облусунда 5.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 76 миң 563 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.