Кыргызстанда 31-мартка карата коронавирус 12 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Жаңы учурлар Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда – 2 адамдан катталган.
Ал эми акыркы суткада 7 адам илдеттен сакайып чыгып, каза болгондор катталган жок.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 84 бейтап, амбулатордук түрдө 66 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 935 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 213 киши айыгып чыкса, 2 миң 988 адам каза болду.