Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлгөн.
Ленин районунун Путейная көчөсүндө жайгашкан сарай толугу менен күйду. Ошондой эле таштанды дагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Көк-Жар конушунун Калмурзаев көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен ичиндеги үй буюмдары күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.
Ошондой эле белгисиз себептер менен 10-кичи райондогу көп кабаттуу турак үйдүн чатырында электр зымдар, 7-кичи райондо таштанды күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.