• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акыркы суткада республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

20 Чын куран 2020 10:17 Бишкек Govori.TV

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлгөн.

Ленин районундагы Ахунбаев менен Муромск көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 150 чарчы метр болгон «Дом шашлыка» кафеси толугу менен күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Биринчи май районунун Кызыл-Кий көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн мончосу менен сарайдын чатыры күйгөн. Өрт мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушунан келип чыккан.

Количество просмотров: 65