Өлкөдө 10-октябрдан 16-октябрга чейин таажы илдетинин 84 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 12 адам ооруканага жаткырылган, калган 72си амбулатордук дарыланууда. Бүгүнкү күнгө карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экени кошумчаланды.