• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акысыз болгон… Султанбаев президенттин АКШга барган учагы боюнча түшүндүрмө берди

22 Аяк оона 2022 12:07 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга учуп барган учагы боюнча түшүндүрмө берди.

«Урматтуу достор, өзүңүздөр билгендей, кыргыз делегациясы Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышып, Кыргызстанга кайтып келди. Болуп жаткан окуялардын фонунда президенттин БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарына жеке өзү катышуусу боюнча чечим эң акыркы убакта кабыл алынды.

Мамлекет башчысы дүйнөлүк бийик трибунадан дүйнө коомчулугуна чек арадагы кырдаалга байланыштуу чындыкты, объективдүү маалыматтарды, маселенин таржымалын жеткиргени туура деген бүтүмгө келди.

Бул иш сапар башталганда кызуу талкууланган теманын бири президенттин учагы болду. Ушуга байланыштуу, айрым тактоолорду киргизип кетким келет.

Жылдын башында сиздерге Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып аларын билдиргем.

АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келдик. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздады.

Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган.

Учак “№ 1 борт” катары чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланылат.

Бул учактын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учуу мөөнөтү дагы түгөндү», — дейт Султанбаев.

Ал кошумчалагандай, азыркы учурда Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

Эске сала кетсек, 21-сентябрда Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди.

Количество просмотров: 279