• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын медаль тагынды

4 Тогуздун айы 2023 17:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын медаль тагынды.

Махмудов 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Анын финалдык беттештеги атаандашы ирандык балбан болду.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Количество просмотров: 89