• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акжол Махмудов машыктыруучусуна жол тандабас белек кылды (видео)

2 Тогуздун айы 2021 23:34 Бишкек Govori.TV

Токио-2020 олимпиадасында күмүш медал алган Акжол Махмудов машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго Lexus GX 460 үлгүсүндөгү жол тандабас белек кылды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Мейрамбек Ахметов бүгүнкү күндө Норвегиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда калыстык кызматта жүргөндүктөн унаанын ачкычын машыктыруучунун жубайына тапшырган.

«Бүгүн Майрамбек агай гана жетишпей турат. Бирок жаныбызда Күмүшкан эжебиз бар. Үй-бүлөбүздүн атынан агайга чакан белегибиз бар эле. Жакшылыкка айдаңыздар», — деди балбан Акжол Махмудов.

Белгилей кетсек, Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов өзү 23-августта II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана Toyota RAV4 автоунаасы менен сыйланган. 

Количество просмотров: 1764