• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акжол Махмудов Азия оюндарынын күмүш медалын утуп алды

22 Баш оона 201818:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.08.2018.Govori.TV.
22-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште кыргыз балбаны Акжол Махмудов күмүш медалды утуп алды.
Махмудов финалда 24 жаштагы ирандык Мохаммедали Герайменен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Акжол Махмудов 3 упай алса, анын атаандашы 7 упайга ээ болду. Муну менен ирандык балбан алтын медалдын ээси болсо, Акжол Махмудов күмүш медалдын ээси болуп, өлкөбүздүн капчыгына 8-медалды алып келди.
Количество просмотров: 62