• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акжол Махмудовго 2 бөлмөлүү батир берилди

1 Аяк оона 20218:47 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Акжол Махмудовго акчалай сыйлык жана 2 бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган гала-концерттин алкагында шаар башчысы Алмаз Мамбетов Олимпиада оюндарына токтолуп, ар бир спортчуга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, майрамдык иш-чаранын коногу, Токио-2020 оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовго жана анын машыктыруучусуна 200 миң сом акчалай сыйлыктын сертификатын тапшырды.

Майрамдык иш-чаранын алкагында спорттун өнүгүшүнө салым кошуп, Акжол Махмудов сыяктуу спортчуларды машыктырган насаатчыларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы тапшырылды.

Количество просмотров: 286