• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Акжолтой Тукунов кайра кармалып, камакка алынды

26 Чын куран 2024 13:09 Бишкек Govori.TV

Активист Акжолтой Тукунов кайра кармалып, камакка алынды. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук прокуратурасы соттун бул токтомуна каршы Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз берип, Акжолтой Тукуновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу боюнча өтүнүч берген.

17-апрелде Акжолтой Тукунов «Массалык баш аламандыкты уюштурган чакырык жасаган» деп айыпталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аламүдүн райондук соту 19-апрелде аны эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотуп, анын кармалышын мыйзамсыз жана негизсиз деп тапкан.

Количество просмотров: 257