Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев бүгүн, 15-январда жалпы жыйын учурунда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында болгон жарылуу тыкыр иликтениши керек экенин айтты.
“Ведомстволор аралык комиссия түзүп, снаряд кайсыл жактан келгенин карап чыгыш керек. Жарылуу болгон үйдөн Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров барып чай ичип кеткен. Саперлор кайсыл жакты караган, эмне себептен мындай болду?”, — деди ал.
Эске салсак, 5-январда Баткендин Арка-2 айылында белгисиз жарылуучу заттан энеси менен кызы жаракат алган. Алар ушул тапта Оштогу клиникалык ооруканада дарыланууда.