• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ала-Арча капчыгайында жабыркаган турист куткарылды

9 Жетинин айы 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Ала-Арча капчыгайындагы «Рацек» чокусунан россиялык турист құтқарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Рацек» чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган 41 жаштагы альпинист-туристти КР ӨКМге караштуу Авиациялык Издеп-куткаруу кызматынын учкучтары «Ак-Сай Трэвел» ЖЧКсынын кызматкерлери менен куткарышты. Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метрге бийиктикке алып түшүшкөн.

Белгилей кетсек, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине туристти тез арада эвакуациялоо зарыл экендиги тууралуу маалымат беришкен. Компания жабырлануучуга медициналык жардам керектигин билдирип, куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн тик учак бөлүп берүүнү өтүнүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кат менен кайрылган.

Алдын ала маалымат боюнча, 1982-жылы туулган турист А.Г. Россия Федерациясынын жараны. 7-ноябрь күнү саат 11:10до «Рацек» чокусуна чыгуу учурунда бутунан жаракат алган.

Керектүү жардам көрсөтүү үчүн турист ооруканага жаткырылды.

Количество просмотров: 114