• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды

9 Бирдин айы 202522:44 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында бүгүн, 9-февралда эки кабаттуу турак үйдүн чатырынан аял киши секирем деп, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын пресс-борбору билдирет.

Жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, аман-эсен аялды куткарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 431