• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Ала-Арча” паркынын аялдамалары калыбына келтирилет

17 Баш оона 2018 9:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV

“Ала-Арча” паркынын жанындагы аялдамаларды калыбына келтирилет. Бул туурасында транспорт жана жол министрлигинин басма-сөз кызматынан кабарлашты.

“Ала-Арча” жаратылыш паркынын жетекчилиги аткаминерлерге  кайрылып, калыбына келтирүү үчүн каражат бөлүүнү айтып келген.  Бирок, майнап чыкпай жаткан эле.

Транспорт жана жол министрлиги күзгө чейин бардык аялдамалар калыбына келет деп ишендирди.

«Негизинен бардык аялдамалар калыбына келтирилип бүтүп калган. Бүтпөй калган аялдамага каражат жетпей калгандыгына байланыштуу убактылуу оңдоп-түзөө иши токтоп калган. Жакынкы аралыкта бардыгы калыбына келет»,-деп билдирди мекемеден.

Кошумчалай кетсек: Ала-Арча жолунун 22-23-чакырымындагы 1км жол асфальттанган.

Количество просмотров: 22