Бишкек шаарында Ала-Арча суусуна кулап түшкөн жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги Москва көчөсүндөгү көпүрөдөн 1974-жылы туулган А.Т. аттуу эркек киши Ала-Арча суусуна кулап түшкөндүгү тууралуу «112» кызматынан маалымат келип түшкөн.
Куткаруучулар жерине барышып жабыркаган жаранды алып чыгып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.