• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ала-Арча суусунан аялдын жансыз денеси табылды 

6 Кулжа 202020:59 Бишкек Govori.TV

Ала-Арча суусунан аял кишинин жансыз денесин алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-июнь күнү саат 14:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы Ала-Арча жаратылыш паркында Ала-Арча суусуна аял киши түшүп кеткендиги тууралуу ӨКМдин 112 кызматына маалымат түшкөн.

«Жерине издөө иштерине ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Аламүдүн райондук бөлүмү тарабынан 4 куткаруучу тартылган. Алар саат 15:30дар чамасында Ала-Арча суусунан каза болгон аял кишинин жансыз денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 233