Чүйдүн Ала-Арча капчыгайынын башындагы мөңгүлөрдүн биринде чет элдик альпинист кырсыкка кабылды. Бул ууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
Анда белгилүү болгондой, 20-апрелдин түнүндө куткаруу кызматына Ала-Арча капчыгайынын төрүндө Швейцариялык альпинист зоодон кулап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Азырынча 31 жаштагы чоку багынтуучунун абал кандай экендиги белгисиз. Бул боюнча КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн генералдык штабы тик учак жиберүү маселесин карап жаткандыгы айтылат.