• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан менен Индиянын ТИМ башчылары жолугушууда

11 Тогуздун айы 2021 11:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен жолугушуусу өтүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакбаев бир катар көп тараптуу уюмдардагы кызматташтыктын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттерин туруктуу бекемдөөнү белгиледи.

“Мен айрыкча эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштарды тереңдетүү зарылдыгын, ошондой эле маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча жалпы позициялардын жана терең өз ара түшүнүшүүнүн зарылдыгын баса белгилегим келет”, — деди ал.

Өз кезегинде Индиянын ТИМ башчысы министрге Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилүү болгондой жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттерди жана кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулоону пландашууда.

Эскертке кетсек, Кыргызстан менен Индиянын ортосунданы дипломатиялык алакалар 1992-жылы 18-мартта түзүлгөн.

Эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген тең укуктуу өнөктөштүк жана өз ара аракеттенүү принциптерине негизделген.

1992-жылдын 18-мартында кабыл алынган Кыргызстан менен Индия Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын принциптери жана багыттары жөнүндө биргелешкен Декларация, ошондой эле 2019-жылдын 14-июнундагы Стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин түзүү боюнча биргелешкен декларация эки тараптуу кызматташтыктын негизги документтери болуп саналат.

Ошентип, эки өлкөнүн кызматташуу жылдарында жогорку жана эң жогорку деңгээлде визиттер уюштурулду, анын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди экономикалык, саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий, гуманитардык жана билим берүү чөйрөсүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү тууралуу макулдашуулар жетишилген.

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда ШКУ, БУУ, ДССУ, ЮНЕСКО, Интерпол сыяктуу жана башка көп тараптуу уюмдардын алкагында кызматаштык жемиштүү өнүгүүдө, алар эл аралык көйгөйлөрдүн кеңири спектри боюнча жалпы позициялардын жана терең өз ара түшүнүшүүнүн болушу менен айырмаланат.

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы укуктук база мамлекет аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык 62 келишимди жана макулдашууну камтыйт.

Количество просмотров: 71