• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

“Ала-Арчадагы” өрттүн келип чыгуу себептери такталууда

31 Жалган куран 202310:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан “Ала-Арча” соода борборундагы өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-мартта катталган, жерине ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү унаасы жана Штаб тартылган.

«Өрт саат 19:41де чектөөгө алынып, толугу менен саат 20:08 өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен соода борборунун 4-кабатында 2 чарчы метр жыгач полу жана вытяжканын кыймылдаткычы күйгөн», — деп айтылат маалыматта.

Өрттөн эч ким жабыркаган эмес.

Количество просмотров: 138