Хижина Рацека чокусунан түшүп келе жатып абалы начарлаган чет өлкөлүк туристке жардам көрсөтүлдү.
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча жаратылыш сейил багынын жогору жагында 2002-жылы туулган М.В. аттуу Польша мамлекетинин жараны чокудан түшүп келе жатып өзүн жаман сезип, абалы начарлаганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине аталган жараталыш паркында нөөмөттө турган ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 4 куткаруучусу тартылып, жогоруда аталган аял кишиге биринчи медициналык жардам көргөзүп, республикалык инфекциялык ооруканасына дарыгерлерге өткөрүп беришкен.