• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ала-Буга дарыясына чөгүп кеткен адамдын сөөгү 4 айдан кийин табылды

27 Чын куран 2021 15:25 Бишкек Govori.TV

Нарында Ала-Буга дарыясына чөгүп кеткен жарандын сөөгү 4 айдан кийин табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү ӨКМдин бөлүмүнө жергиликтүү тургундардын бири адамдын сөөгүн көргөнүн билдирген. Жерине 6 куткаруучу тартылып, сууга агып кеткен 27 жаштагы М. у С. аттуу жарандын сөөгүн Ала-Буга дарыясынан коопсуз жайга алып чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, Нарын районунун Баетов айылынын тургуну М.у С. 2020-жылдын 27-декабрында балык кармоо учурунда сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 2020-жылдын 27-декабрынан 2021-жылдын 6-январына чейин Ала-Буга жана Нарын дарыяларынын агымын жээктеп, болжол 10-11 чакырым аралыгын 10-15 куткаруучу издөө иштерине тартылган. Бирок жыйынтык болгон эмес. Издөө иштери абанын температурасынын кескин төмөндөп кетишине байланыштуу, тоң кеткенге чейин убактылуу токтотулган. Кийин куткаруучулар издөө иштерин улантып, дайынсыз болуп жаткан жаран табылган эмес.

Количество просмотров: 156