• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ала-Букада 15 медицина кызматкери карантинге алынды

4 Чын куран 2020 14:36 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусу боюнча медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуев канча медицина кызматкери карантинге алынгандыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтуусунда, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда 15 медкызматкер карантинге алынган.

«Алар коопсуздук чараларына жана кабыл алынган иш-чаралар алгоритмине ылайык иш алып барышты жана карантинге алынышты», — деди ал.

Боржиев билдиргендей, карантинден кийин алар үйлөрүнө кетишет. Андан кийин башка бригада келет, алар да иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин карантинге алынат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктуруп алган 14 жаңы учур катталып, өлкө боюнча ооругандардын саны 144 кишиге жетти. Маалым болгондой, илдетти жуктуруп алгандардын ичинде 9 медкызматкер бар. 2-апрелде коронавирус жуктуруп алган алгачкы бейтап каза болду. Ал эми 9 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Количество просмотров: 1303