• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ала-Букадагы чатырдан билим алган окуучулар имаратка көчүрүлдү

1 Бирдин айы 2019 13:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.02.2019. Govori.TV

Ала-Бука районунун Ажек айылында чатырда билим алып жаткан окуучулар бүгүн имаратка киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

“Балдарды кышкы суукта чатырга которуу чечими жергиликтүү бийликтин сунушу менен кабыл алынган. Себеби класс жетпей, окуучулар сабактан чыгып, караңгыга калып кетип жаткан”, – дешти министрликтен.

Билим берүү министрлиги сөз болуп жаткан №20 мектепке окуу жадыбалын балдар чатырга чыкпагыдай кылып, кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

Мындан сырткары айылга жаңы мектеп курууну быйылкы жылдын бюджетине киргизүүнү Мамлекеттик архитектура агенттигине сунуштады.

Ала-Бука районунун 1-май айыл аймагына караштуу №20 Ажек орто мектебинин 200дөй окуучусу январь айынан тартып чатырда окуп жатканы тууралуу “Азаттык” 31-январда жазып чыккан.

“Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан Ажек айылынын үч миңден ашуун жашоочусу бар. Мектеп имараты 1959-жылы курулуп, ӨКМ тарабынан эки жолу жараксыз деген бүтүм чыгарылган. Бирок имарат тартыштыгынан улам 200 окуучу авариялык имаратта, 100 окуучу маданият үйүндө, 200дөн ашыгы чатырларда билим алып жатат. 1-май айыл аймагында сегиз мектеп болсо, анын үчөө авариялык абалда”, – деп билдирген “Азаттык”. 

Количество просмотров: 10