• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ала-Букадагы базар кооптуу абалда турат

12 Бирдин айы 2018 12:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.02. 2018.

Ала-Бука районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева билдирди.

Анын айтымында, учурда базардын ичиндеги соода-сатык кылгандар баш-аламан жайгашып, техникалык талаптар аткарылбай, өрт коркунучу сакталып турат. “Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматчылары бир канча ирээт базардын жетекчилигине талаптарды коюп, эскертүүлөрдү беришкен. Бирок, буга базардын жетекчилиги да, шаар жетекчилиги да шалаакы мамиле жасап жатат. Ушундан улам базардын ичиндеги жолдор тарып, соодагерлер бөлүнүнп берилген жерден сыртка чыгып алышкан. Эгер, өзгөчө кырдаалдар жарала турган болсо, өрт өчүрүүчү унаалар базардын ичине кире албай, мындан материалдык гана эмес адам өмүрү да тобокелге салынат”,-дейт экотехинспекциянын маалымат катчысы.

Ал белгилегендей, тиешелүү реакциянын жотугунан эми инспекторлор тиешелүү органдар менен бирге базар башкармалыгына карата катаал чараларды көрүшмөкчү.

 

Количество просмотров: 36