Кечээ 23-сентябрда Ала-Тоо аянтынын унаа токтотуучу жайында токтолуп турган Audi C4 үлгүсүндөгү машина белгисиз себептерден улам күйүп кеткен. Окуя учурундагы тасма күбөнүн тартып алуусу менен интернет булактарына тарады.
Видеодон күйгөн унаанын жанындагы унааларды куткаруучу топ чыгарып, сактап калганын көрүүгө болот.
Өрттүн чыгуу себептери белгисиз болгондуктан,эмнеден улам келип чыкканы такталууда. Бирок, Audi C4 үлгүсүндөгү унаанын ээсинин айтуусу боюнча машинанын капотунан түтүн чыгып, жыйынтыгында өрткө айланган.