• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Ала-Тоо» аянты менен балатыны жасалгалоого 5,6 млн сом сарпталат

13 Бештин айы 2021 17:47 Бишкек Govori.TV

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтын жана балатыны жаңы жылдык жасалгалоого 5 миллион 600 миң сомдон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул сумма 25 метрлик балатыны жасалгалоого, андан тышкары, «Ала-Тоо» аянтынын айланасында кооздоого жумшалат. Арка фасаддары светодиоддук торлор менен кооздолуп, жасалгаланган сейилдөө аллеялары түзүлүп, аянттагы объектилер гирляндаларга оролуп, көчө бойлой бактарга чоң оюнчуктар илинет.

Буга чейин «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы мамлекеттик сатып алуулар порталына 5 миллион 687 миң 500 сомго тендер жарыялаган. Тендерди «Аманат Транс» ЖЧКсы жеңип алган.

Количество просмотров: 436