2025-жылы жолдорду оңдоого жана реконструкциялоого 3 миллиард 165 миллион сом каралган. Каражат жол фондунан алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай тилкесин оңдоого 100 миллион сом өзүнчө бөлүнгөн.
Министрдин орун басары депутаттарга билдиргендей, жол фондунун 2025-жылга бюджети 4 миллиард 440 миллион сом өлчөмүндө бекитилген. Бул акчанын 1 миллиард 150 миллион сому жол куруу үчүн атайын техникаларды алууга жумшалат. Жол фондун кармоого кеткен чыгымдар 24 миллиард сом өлчөмүндө бекитилди.
Жогорку Кеңеште жол фондунун катчылыгын кармоого кеткен чыгымдарды республикалык бюджетке чегерүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.