• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Ала-Тоо» аянтына белгисиз адамдар кайрадан чогулуп башташты

11 Үчтүн айы 2021 11:40 Бишкек Govori.TV

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтына белгисиз адамдар кайрадан топтолуп башташты. Алар аянтка мазыкалык жабдууларды алып келип орнотушууда.

Интернетте тараган маалыматта айтылгандай, белгисиз бирөөлөр Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде автоунаанын кыймылын чектөө үчүн тосмолорду коюп жатышат.

Эске салсак, кечээ кечинде шайлоону жеңип чыккан адамды куттуктайбыз деген жарандар борбордук аянтта концерт уюштурууга аракет кылышкан. Ал эми бул тууралуу ИИМ тактоо иштери болоорун айтышкан. Көп өткөй чогулгандар таркап кетишкен.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров — 6,60%, Бабыржан Төлбаев — 2,31%, Мыктыбек Арстанбек — 1.66%, Абдил Сегизбаев — 1.46%, Имамидин Ташов — 1.19% добуш ашылса калган талапкерлерлин добуштары 1 пайыздан төмөн болду. Ал эми баарына каршы  шайлоочулардын 1,32% өз добушун берди.

Количество просмотров: 61